СҮРӨТ - Президент чек ара чырынан жабыркап, Бишкекте дарыланып жаткандардан кабар алды
Расмий кабарлар  |   |  2186

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда (БТОИБ) Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү акыркы окуялар учурунда жаракат алып, дарыланып жаткандардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысына жабыр тарткандардын ал-акыбалы боюнча маалымат берилди.

Садыр Жапаров жаракат алгандар менен баарлашып, ден соолуктарын сурады жана алардын тезирээк сакайып кетишин тиледи.