www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде, Ош облусундагы Чоң-Алай районунун активи жана тургундары менен жолугуп, аларды тынчсыздандырган суроолорго жооп берди.

Жергиликтүү тургундар сугат суу менен камсыз кылуу, суу булактарына жеткиликтүүлүк, жол инфраструктурасын өнүктүрүү, анын ичинде стратегиялык маанидеги унаа жолдорун салуу жана бүтүрүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле мектептерди, бала бакчаларды жана спорт залдарды куруу зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары, жер тилкелерин берүү, жерлерди трансформациялоо жана аларды адилеттүү бөлүштүрүү маселелери айтылды.

Өзгөчө көңүл укуктук мүнөздөгү кайрылууларга бурулду. Жарандар сот иштерине, прокуратура органдарынын жана кадастр кызматтарынын чечимдерине, ошондой эле кылмыш иштери жана мүлктүк талаштарга байланышкан суроолорду көтөрүштү. Документтерди тариздөө, жарандык алуу, пенсия жана социалдык төлөмдөр боюнча маселелер да айтылды.

Кайрылууларды уккан соң Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана укук коргоо түзүмдөрүнө ар бир маселени мыйзам чегинде ар тараптуу, калыс жана өз убагында кароону, жарандардын укуктарын коргоо боюнча конкреттүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Райондун экономикасынын негизги багыттарынан болгон айыл чарба жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү маселелери да көтөрүлдү. Тургундар ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр, адистердин жетишсиздиги маселелерин белгилеп, чакан ГЭСтерди куруу, кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү жана ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча сунуштарын беришти.

Жолугушууда табигый ресурстарды пайдалануу, анын ичинде кендерди иштетүү жана лицензия берүү маселелери да каралды. Бул багытта жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын жана экологиялык коопсуздукту сактоо зарылдыгына басым жасалды.

Президент пайдалуу кендерди казып алуу тармагына мамлекеттик көзөмөл күчөтүлгөнүн, процесстердин ачыктыгы камсыздалып, бюджетке түшүүлөр көбөйгөнүн айтты. Бардык долбоорлор аймактардын жана алардын тургундарынын кызыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашырылышы керектигин баса белгиледи.

Жыйынтыгында Мамлекет башчысы алыскы жана бийик тоолуу аймактарды комплекстүү өнүктүрүү зарылдыгына өзгөчө көңүл буруп, инфраструктуралык долбоорлорду тездетүүнү, калктын жашоо шарттарын жакшыртууну, иш менен камсыз кылуу жана ишкердик үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү тапшырды.

Последние новости