www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган. Конституциялык мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин статусу, түзүү тартиби, уюштурулушу жана иш аракети аныкталат.
Аталган мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө», ушул конституциялык мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган компетенциясы менен, Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин укук улантуучусу болору каралган.
Мыйзам менен үчтөн экисинен аз эмеси судьялардын эсебинен куралган Кеңештин курамынын саны өзгөрдү (12 мүчөсүнүн ордуна 9). Анын үчтөн бир бөлүгүн президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү түзөт.
Булак: NazarNews.kg