www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынында: «ЕАЭБдин бирдиктүү газ рыногун түзүү — биздин кызматташтыктын эң маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналат», — деп баса белгиледи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул Биримдик өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү элементи болуп эсептелет.

«ЕАЭБдин газ рыногу өзүнүн жеке өндүрүшүнөн гана эмес, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн газ жеткирүүнү да ичине камтыйт. Эл аралык келишимдердин долбоорун иштеп чыгууда газды жеткирүүгө тарифтерди түзүүдө кайсы өлкөдөн чыкканына карабастан, дискриминациялык эмес мамилелерди камсыз кылууну карап чыгуу зарыл деп эсептейм», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарап бардык тараптар менен макулдашылган эл аралык долбоорлорду реалдуу мөөнөттө кабыл алууну колдой турганын кошумчалады.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда, видео-конференция режиминде болуп өттү.

ЖЕЭКтин мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри саналат.

ЖЕЭКтин жыйынына байкоочу өлкөнүн башчысы катары ошондой эле Молдова Республикасынын Президенти катышты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости