www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Эл аралык чукул жардам жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен өзгөчө кырдаалды жоюуда жана баштапкы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө эл аралык өзгөчө жардам көрсөтүү мезгили аяктагандан кийин алты айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин дарегине келип түшкөн эл аралык өзгөчө жардамды пайдалануу жөнүндө отчет жарыяланат.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен "бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча көмөк көрсөтүү тобу түзүлөт. Аталган топтун курамы, функциялары, ыйгарым укуктары жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Ошону менен бирге, жүктөрдү жана персоналды алып келүү үчүн зарыл документтерди тариздөөдө көмөк көрсөтүү тобунун ишин жакшыртуу максатында кабыл алынган Мыйзамда республикалык деңгээлде көмөк көрсөтүүнүн борборлоштурулган туруктуу иштөөчү бир тобу каралган. Бул иштин натыйжалуулугун жогорулатууга, тиешелүү мамлекеттик органдардын координациясын жана өз ара аракеттенүүсүн жогорулатууга, анын ичинде зарыл документтерди тариздөө боюнча жана зарыл болгон учурда чек ара аркылуу түздөн-түз өткөрүү пункттарында жеринде адистештирилген топторду түзүүгө мүмкүнчүлүк берилет, жана персоналдын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу тездетилген өтүшүн түздөн-түз камсыз кылынуусу аныкталат.

Кабыл алынган Мыйзамда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине эл аралык акчалай жардамдарды жана башка гуманитардык жардамдарды пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталаары белгиленген.

Мындан тышкары, кабыл алынган Мыйзамда эл аралык өзгөчө жардам көрсөтүүчү эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер өзгөчө кырдаалды жоюуда жана баштапкы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ай сайын берүүгө милдеттүү экендиги каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости