www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин, Орусиянын Сочи шаарындагы Президенттиктин расмий резиденциясындагы жолугушуунун алдында билдирүү жасашты. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым-катнаштарды күн сайын бекемдөө менен улантуунун чоң пайдалары бар»,- деди.

 Эрдоган билдирүүсүндө, Түркия-Орусия карым-катнаштарынын өзгөчөлүгүн көрсөткөнүн жана соода көлөмүнүн учурда абдан жакшы абалда экенин билдирген Эрдоган: «Соода көлөмү мындан да жакшырат деп ишенем. Өзгөчө туризмдеги колдооңуз үчүн (Путинге) рахмат айтамын», - деди.

Орусиянын кызматташуусу менен курулушу уланып жаткан Мерсин Аккую атомдук станциясына байланыштуу Эрдоган: «Биз келерки жылы биринчи агрегатынын ачылышын жасай алабыз. Түркия-Орусия карым-катнаштарын күндөн-күнгө күчтөндүрүп улантуубуздун чоң пайдалары бар. Сирия боюнча чогуу таштаган кадамдарыбыз абдан маанилүү. Ал жердеги тынчтык Түркия менен Орусиянын мамилесине да байланыштуу», - деди.

Путин: «Эрдоган менен болгон жолугушууларыбыз дайыма эле оңой боло бербейт. Бирок биздин тийиштүү мекемелерибиз жана уюмдарыбыз макулдашуу таба алышат. Түркиянын Орусиядагы инвестициялары жалпысынан 1,5 миллиард долларга, ал эми Орусиянын Түркиядагы инвестициялары 6,5 миллиард долларга жетти. Бардык ири долбоорлор пландаштырылгандай уланууда», деп билдирди.

«Карабахтагы кызматташуубуз ок атууну токтотууда да, келечекте күчтүү бекем тынчтыкка жетишүүдө да маанилүү элемент», - деген Путин: «Түркия менен кызматташтыгыбыз эл аралык аренада ийгиликтүү уланууда. Бул жерде Сирия жана Ливия боюнча позицияларыбызды айтып жатам», - деди.

Бир тараптан Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремлдин) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Эрдоган менен Путиндин адегенде бетме-бет, андан кийин эртең мененки тамакта жолугушаарын билдирди.

Песков жолугушуудан кийин пресс-конференция өткөрүлбөй тургандыгын кабарлады.

Последние новости