www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вашингтон шаарындагы Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы кеңешмелери алкагында Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ ири энергетикалык долбоорго старт берилди.
Бул демилге Дүйнөлүк банк жана анын түзүмү болгон Өнүгүү боюнча Эл аралык Ассоциация тарабынан REMIT («Регионалдык интеграция жана электр энергиясы рыногун өнүктүрүү») программасы колдоого алынды. Кыргызстандын энергетика тармагын модернизациялоого жана Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык рынокко интеграциялоого багытталган.
REMIT программасы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосунда электр энергиясынын ачык жана натыйжалуу регионалдык рыногун түзүүнү көздөйт. Долбоордун алкагында электр энергиясы менен соода жүргүзүүнүн заманбап механизмдери киргизилип, узак мөөнөттүү келишимдер менен катар «суткалык рынок» форматындагы пилоттук платформа ишке киргизилет.
Ошондой эле энергосистемаларды санариптештирүү, энергия агымдарын башкарууну оптималдаштыруу жана жаңылануучу энергия булактарын кеңири интеграциялоо каралган. Бул кадамдар регион өлкөлөрүнүн ортосундагы энергетикалык кызматташтыкты чыңдап, ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана өз ара ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Программанын биринчи этабында Кыргызстанга 40 млн АКШ доллары бөлүнүп, бул каражат түздөн-түз энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталат. Анын ичинде Жалал-Абад облусундагы бир нече райондорду электр менен камсыздаган, жабдуулары 50 жылдан ашык убакыт иштеп эскилиги жеткен 220 кВ «Торобаев» жана 220 кВ «Кристалл» подстанциясын толугу менен жаңылоо, ошондой эле 220 кВ «Кристалл — Юлдуз» электр берүү линиясын Өзбекстандын чек арасына чейин куруу пландалууда. Ошондой эле долбоорду сапаттуу жана талапка ылайык ишке ашырууну камсыз кылуу максатында техникалык-экономикалык негиздемелерди даярдоого, долбоорлоо жана инженердик изилдөө иштерин жүргүзүүгө, тендердик документтерди иштеп чыгууга, сатып алуу процедураларын уюштурууга, экологиялык жана социалдык таасирлерди баалоого, көзөмөл жүргүзүүгө, ошондой эле долбоорду башкаруу жана консультативдик кызматтарды каржылоого жумшалат.Бул иштердин бардыгы мамлекет башчысынын энергетика тармагын жаңылоо жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо боюнча берген тапшырмаларынын негизинде ишке ашырылууда.
Бул долбоорлор Кыргызстандагы энергетикалык инфраструктураны сапаттуу жаңыртып, чек аралык байланыштарды чыңдайт жана электр энергиясын транзиттөө менен экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Натыйжада өлкөнүн энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгү жогорулап, өзгөчө кыш мезгилиндеги жогорку жүктөмдөрдө туруктуулук камсыздалат. Кийинки этаптарда 500 кВ магистралдык электр тармактарын куруу каралып, бул Кыргызстанды Борбор Азиядагы маанилүү энергетикалык оюнчуга айлантат.
REMIT программасы Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын толук пайдаланууга, жаңы кубаттуулуктарды кошууга жана жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачат. Мындан тышкары, долбоор инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө түздөн-түз таасир этет.
Бүгүнкү күндө Борбор Азияда электр энергиясынын өз ара соодасы салыштырмалуу төмөн деңгээлде калууда, ал эми REMIT программасы бул багытты жандандырып, регионду бирдиктүү энергетикалык мейкиндикке айландырууга шарт түзөт. Жыйынтыгында, бул демилге Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун бекемдеп гана тим болбостон, аны келечекте регионалдык энергетикалык хабга айландырууга бекем негиз түзөт.