www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо (Экономикалык башкаруу чөйрөсүндө өнүктүрүү саясатын каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28- ноябрында кабыл алынган. Финансылык каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталган.
Аталган макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасына 24 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардам берилет, анын 12 миллион доллары гранттык жардам жана 12 миллион доллары кредит катары берилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg