www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент менен премьер-министрдин ортосунда болуп жаткан ажырым улам созулуп бараткандай. Мисалы, "Кыргызкөмүр" ишканасы боюнча экөөнңн пикирин алып көрөлү. Премьер-министр таанышытыгына салып  ишке кабыл алууга бере турган арызын да туура жаза албаган, Балыкчыда склад башчысы болуп иштеп келген Жекшенов Талантты "Кыргызкөмүр" ишканасынын жетекчисине биринчи орун басар кылды.

Жакында болгон жолугушууда президент Сооронбай Жээнбековдун кен байлыктарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, лицензия берүүнү тартипке салуу боюнча пикирлери колдоого арзыйт. Анын "Кыргызкөмүр" ишканасы бардык кен казылып жаткан жерлерде үлүшкө ээ болуп, мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыз кыла ала тургандай ыйгарым укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү болууга тийиш деген пикирин кантип колдобой коюуга болот.

Сооронбай Жээнбековдун муну ишке ашыруу механизми катары мурда жеке ишкерлерге, менчик ишканаларга же чет элдик инвесторлорго берилип кеткен кен байлыктардагы үлүш аталган эки акционердик коомдун акцияларына алмаштырылууга тийиш деп эсептейт экен. Жөн эле зордукка салып тартып алуу керек деген чакырыктарга караганда бул таза рыноктук жол, мыйзамдуу жол. Мисалы, "Кыргызкөмүр" ишканасынын акциялары көмүр казып иштеп жаткан ишканалардын үлүшүнө айырбашталат, ал ишканалар "Кыргызкөмүр" ишканасында үлүшкө ээ болуп калышат, ал эми "Кыргызкөмүр" болсо алардан үлүшкө ээ болот. Ошондо көмүр  кендеринин баарында  мамлекеттик үлүш бар болуп калат.

Мындай жакшы ой-пикирлерди кубаттоонун ордуна, премьер Абылгазиев кышка кам көрүүнүн ордуна, аны үзгүлтүккө учуратышы мүмкүндүгү көбүрөөк сабатсыз жакындарын ушул ишкананы тейлетип жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости