www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, «Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, дайындалды:

— Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына;

— Новиков Артем Эдуардович Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына;

— Мамытканов Максат Сүйүналиевич Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Исмаилова  Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси — министри кызматына;

— Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына;

— Ниязбеков Улан Омоканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматына;

— Жаманкулов Марат Тургунбаевич Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызматына;

— Мукашев Кыялбек Белекович Кыргыз Республикасынын каржы министри кызматына;

— Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын Экономика министри кызматына;

— Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына;

— Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматына;

— Ажикеев Бообек Эргешович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына;

— Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына;

— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматына;

— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматына;

— Кочкоров Улукбек Тойчубаевич Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына;

— Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына;

— Исмаилов Алтынбек Жапарович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости