www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жакында эле кабыл алынган кыргыз тил мыйзамы тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ал 24-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттиги менен болгон маегинде бул мыйзам орус тилин "дискриминация" кылбасын айтты. Өлкөдө эки тил тең бирдей шартта колдонулаарына ишендиргенге аракет кылды.

"Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп атса керек. Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок. Тескерисинче, орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма баш мыйзамда да бар. Бул нормалар кала берет. Мугалимдер менен дарыгерлерге тиешеси жок. Бизге кыргыз тили кандай керек болсо орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп атпайбызбы. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп атабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар. Жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча сүйлөбөйбүз же толук кыргызча сүйлөбөйбүз. Аралаштырып урдуруп кете беребиз. Ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрөлү. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү. Канчалык көп тил билсең, ошончолук өзүңө жакшы эмеспи", - деген Жапаров.

Последние новости