www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты — майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү үчүн кошумча шарттарды түзүү.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, квалификациялык талаптарга жооп берген майыптыгы бар жарандар өз арызынын негизинде кадрлар резервине конкурстан тышкаркы тартипте киргизилет.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кадрлар резервинде турган майыптыгы бар жарандарды бош кызмат орундарына дайындоо аркылуу аларды ишке орноштуруу боюнча квота талаптарын аткарууга милдеттүү болушат.

Ошондой эле кадрлар резервинде турган майыптыгы бар талапкерлерди тандоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталары белгиленди.

Последние новости