www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парижде Франция президентинин жубайы Брижит Макронго каршы интернет аркылуу жалаа жабуу иши боюнча сот болуп өттү. «Русская служба Би-би-си»нин маалыматына караганда, айыптоонун версиясы боюнча 10 адам Брижит Макрон тууралуу «эркек болуп төрөлгөн» деген жалган маалыматтарды жайылтышкан.

Айыпталуучулардын сегизи эркек, экөө аял, жаш курактары 41ден 65 жашка чейин. Алар ошондой эле Брижит менен Эммануэль Макрондун жаш айырмасы (24 жаш) тууралуу жалаа жана кемсинтүү иретиндеги билдирүүлөрдү тараткан деп айыпталып жатышат.

Айыпталуучулардын арасында мамлекеттик кызматкер, галерея ээси, мугалим жана «интернет-экстрасенс» — 51 жаштагы Дельфин Ж. (интернетте «Амандин Руа» деген ат менен белгилүү) бар. Ал башка айыпталуучу Наташа Рей менен бирге былтыр Брижит Макронго жалаа жапкандыгы үчүн соттолгон.

2021-жылы Амандин Руа YouTube каналында Наташа Рей менен маек жарыялап, анда «чындыкта Брижит Макрон деген аял болгон эмес, ал анын жынысын алмаштырган бир тууган агасы Жан-Мишель Троньё» деген калп маалымат тараткан.

Кийинчерээк Рей менен Руа апелляция аркылуу өз ишин утуп чыккан, бирок Брижит Макрон менен анын агасы бул чечимге каршы арыз беришкен.

Брижит Макрон «трансгендер аял» деген конспирологиялык такталбаган маалыматтар 2017-жылдан бери, анын күйөөсү президент болгондон тартып айланып келет.

Бул негизсиз маалыматтардан кийин АКШдагы айрым оңчул чөйрөлөргө да жайылып, аларды негизинен инфлюенсер Кэндис Оуэнс тараткан. Өткөн жылы Макрондор жубайлар Оуэнске каршы сотко кайрылышкан — анткени ал далилдерге карабастан жалган маалыматтарды жайылтууну улантып, конспирологдорго трибуна берип жатат деп эсептешет.

Эммануэль Макрон бул доо арызды берип жатып, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн намысын коргоп жатканын айткан. Анын айтымында, Кэндис Оуэнс «оңчул лидерлер менен байланыштуу болуп, атайылап жалган маалымат таратып, ага зыян келтирүүнү көздөгөн».

Париждеги он айыпталуучунун бири — Орельян Пуарсон-Атлан (социалдык тармактарда «Zoe Sagan» деген ат менен белгилүү) сот отурумунда өздөрүн «кайрадан интернет-травлага» туш болуп жатабыз деп билдирди.

Эскерте кетсек, Брижит Макрон өзүнүн келечектеги күйөөсү Эммануэль менен ал мектеп окуучу кезинде, ал болсо мугалим болуп иштеп турганда таанышкан. Алар 2007-жылы баш кошушкан: ал кезде Брижитке 54, Эммануэлге 29 жаш болчу. 

Последние новости