www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрындаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты аскердик-медициналык кызматкерлердин квалификациясын жана алардын заманбап медициналык жабдуулар менен иштөө көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат.
Мыйзам менен “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына айрым учурларда аскер кызматчыларына (мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынан тышкары) аскер бөлүгүнүн командири (мекеменин, уюмдун начальниги) тарабынан жекече тартипте квалификацияны жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында медициналык ишке байланышкан ишти айкалыштырууга уруксат берүү мүмкүнчүлүгүн караган өзгөртүүлөр киргизилди.