www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу тартибин өркүндөтүүгө багытталган бир катар жарлыктарга кол койду.

Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.

Жаңы чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын ишин жөнгө салган жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Анда мындан ары өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик сыйлыктар — «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» жана «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражаларын ыйгаруу маселелери Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жыйынында гана каралары белгиленген.

Ошондой эле мамлекет башчысы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоонун жана ардак наамдарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жаңы жарлыкка кол койду.

Документте мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга талапкерлерди көрсөтүү, кароо, сыйлоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору такталып, тартиптештирилди. Жаңы жобо «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» мыйзамдын талаптарына ылайык иштелип чыккан.

Мындан тышкары, Президенттин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №88 жарлыгы күчүн жоготту деп табылды. Ал жарлык мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга сунуштоо, сыйлоо, тапшыруу, дубликаттарын берүү жана жарлыктарды жокко чыгаруу тартибин жөнгө салып келген.

Кабыл алынган документтер мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгаруу процессинин ачыктыгын, тактыгын жана бирдиктүү тартипте жүргүзүлүшүн камсыздоого багытталган.

Последние новости