www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупция менен күрөшө деле албайсыздар. Көрүнүп эле калды. Белгилүү эле болчу. Бирок, көпчүлүк эл үмүт артып тургандан кийин, көпчүлүк менен макул болууга аргасызсың. Коомду, элди сыйлаш керек.
Ошентсе да мамлекетти көтөрүп, экономиканы жогорулатпаса, азыркылардын кейпин сиздер деле кийип калаарыңыздар айдан ачык. 6 жыл өмүрүбүздү алдырып, эски тепшибиздин этегинде куу тизени кучактап олтура албайбыз.
Андыктан акча табууну коррупционерлерден да жыйноону туура коруп жаткан болсоңуздар анда ЖК менен бирдикте атайы мыйзамга өзгөртүү киргизип же Президент менен Өкмөт биргелешип келишипби, айтор Кыргызстанда белгилүү бир өлчөмгө чейинки байлык өрсөтүлүп, ашыкча байлыктарды мамлекетке эскертүү аркылуу өткөрүү этабын, андан соң текшерүү, мыйзамдын күчү аркылуу кайтаруу боюнча иш алып барууну сунуш кылат элем. Кайтарылган мындай акчалар мамлекеттин казынасына эмес, атайы коомдук көзөмөл катары ачылган эсепке которууну шарттоо керек. Эл өзү көзөмөлдөсүн. Антип элге таянбаса, арты кыйынга турат.
Ал мекеме өлкөдөгү жетишсиз курулуштарды өз ичине камтып, этап менен салына турган мекмелер тизмеси, сметалары менен даяр туруусу керек. Түшкөн акчалар даяр турган курулуштарга сметасына жараша токтоосуз которулуп, иш башталып туруу зарыл.
Биринчи, социалдык жактарга: карылар үйү интернаттар, садиктер, мектептер, ФАПтар деп. Экинчи, кичи ишканалар, цехтер, жолдор деп кете бериши керек. Бул албетте өтө орой, акылга сыйбагандай көрүнөт. Ошентсе да өлкөдөгү теңчилик жашоону алып келебиз десек, коррупционерлерди мына ушул жол менен эле эпке келтирбесек башка жол жок. Кыргызстандын шартында 1 млрд. долларга чейин адал эмгек менен байып кетүүгө болобу (?) дегендин эле тегерегинде саясат жүргүзүп, фактыларга таянып, көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, башка өлкөнү салыштырып койсок эле жетиштүү болмок. Андайлар болгон күндө да сырттан иштелип, акчалай түрдө биздин өлкөгө кирбеген соң демек өлкө ичинде жүргөн ири бизнеске биздин элдин мээнети, сатып алуу же сатуу иштеринде да Элдин эмгеги бар, Эл болбосо кайдан болот эле дегенди карманып туруп эле жанагы Элдик казынага ашыкча делинген акчаларды котортууну колго алуу керек жана мындан ары 50 миллиондон 100 миллион АКШ ( мүмкүн мындан аз же көп) доллардан ашык байлык күтүү коррупция деп эсептелинет деген системаны киргизүү керек. Ошондо декларацияга болгон мамиленин кадыры өсүп, байлардын өзүн тизгиндей албаган алкымы тыйылып, ашыкча байлыгын сыртка чыгара да албай калмак. Байлардын болгону жакшы дегенибиз менен бир дагы байдын жарыгы Кыргызстанга керектүү жактарда тийбей койду. Коптогон миллиардерлер бар, ошолордун бироөөсү да чоң ири өндүрүш куруп кое элек. Өлкөгө батпаган акчасын байыган соң Кыргызстандын суроо-талабы аз дегенсип башка өлкөгө бизнес ачып, ал жактын экономикасына гана салым салышууда. Мындай байлар бизге керекпи? Биз демек, байыгандарды байытып бутка тургузуп туруп, анан чет элге чыгарып берип жатабыз. Эмне үчүн аларды өз ичибизде иш жүргүзүп акчабызды өзүбүзгө калтырууну ойлонбойбуз. Туура эркиндиги бар алар, суроо-талапка ылайык чоң бизнести башка жака ачууга аргасыз. Демек, биз аларды да өзүбүзгө кургула деп айта албайбыз. Ошондуктан, кедейлерди, карапайым катмарды эле эзип салык салып, жакыр элди улам жакырланта бербей, алдыга озуп кеткен байларды да көзөмөлгө алып, бай-кедей жигин чоңойто бербей, артыбызды жыйнай жүрбөсөк болбойт го деген эле кеп. Кедей күндөн-күнгө кедей боло берет, байлар улам байыгандан байый берет. Байыганга ич күйдүлүк жок. Адал эмгек менен жетип, өлкөгө салык, жумуш берип жаткан 100 млн. доллар чейин байлыгы барларга рахматтан башканы айтууга аргасызбыз. Биз алардын эмгегине ишенебиз. Бирок, миллиардга жеткендердики, ага чейинкилердики сөсүз шек жаратат. СССРдин кулашы менен мамлекеттик көзөмөлсүз калган ири ишканаларды, заводдорду, жерлерди арзыбаган акчага, ал турсун бекерге чыгарып алган миңдеген акылдуулар азыркы миллионерлер. Ал турсун акчасынын арты менен маанилүү кызматтарды ээлеп, депутат болгондор да ошолор. Муну изилдеп, тактап, четтоп, ачыктап коюуга мамлекеттин күчү деле жетет. Ал турсун мамлекеттин кароосуз калган темир тезегин, буюм тайымын, самолетуна чейин саткандар бүгүн кыргыздын миллионерлери.
Ошондуктан, кедейди Орто катмарга, ортону жогорку тепкичке чыгаруу боюнча ыксыз жолдор менен алдыга озуп, мамлекетке маанилуу иш кылбаган алдынкы миллиардер катмарды "жарды делинген, туңгуюкка кептелген Кыргызстандын шартында мындай байлык кутуу коррупциянын белгиси"- деп туруп эле, мыйзам токуп анын күчүн элге таянып пайдаланып туруп иш алып баруу керек. Коррупция менен күрөшөбүз дегендин өзү, ушул шартта ошого эле алып келет. "Карыздан кантип кутулабыз, биз байлар чогулталы"- деп көкүрөк кергендер, мына ушул жолдун тууралык жагын адам катары туура түшүнүп, "Элим жакыр турса, бактылуумун деп көкүрөк кергеним курусун"- деп, Эл менен эл болуп атабыз дегенди ошондо айтышсын. Мамлекетте ойго келбеген, Эл колдогон кадамдарга бармайын, 27 жыл жадап бүткөн, кулакка сиңип калган куру кыйкырыктар майнап бербейт. Айныгандай көрүнгөн, бүткөн. Биздеги байлардын жашоосун коомдо реалдуу бизнесмен, ийгиликтүү ишкер катары карап жатпагандан кийин, жок дегенде аралыгы алыс эмес жакын болгон шартка алып барбасак, ачка коомду, жырткыч улуттун келечегине бара жатабыз. Арты теңсиздиктен, улам бир жагынын кыжырын күндөн-күнгө күчөтүп, алардын байлыгы эч нерсе эмес, сокур сезим, маңкурт муундун күчөшүнө гана барабыз. Ал коомдо күчөп кетсе анда биринин этин бир жеген мамлекетти гана ттүптөйбүз. Же коом санааркабаган, балдарынын мойнуна карыз үйүлгөн жашоого эмнеден улам келдик, ким күнөөлүү деп башка жолду издеп көргүлө. Этеги даагы карыз алабыз дегенден башка жолду таппайсынар. Анан, анан эмне болот?
Күнболот Момоконов, журналист
Булак: NazarNews.kg