www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука районундагы Кызыл-Токой айылында Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жыйын өтүп жатат. 100дөн ашуун киши катышкан жыйында цианид колдонбоо, жумушчуларга шарт түзүп берүү тууралуу талаптар айтылууда. Мындан сырткары митингдегилер маселе көтөрүп чыккан балдарды бийлик коркутуп койгонун айтып жатышат. Ага Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев катышууда. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Буга чейин Экотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын өкүлү Абасбек Мизамбеков Иштамберди кенин иштетүү убактылуу токтотулганын билдирген.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар 12-июнда митингге чыккан. 200-300дөй адам ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан. Эртеси, 13-июнда алар менен өкмөт өкүлдөрү жолуккан.

Буга байланыштуу митингге чыккан 18 адамды 15-июнда милиция Жалал-Абад шаарына облустук ички иштер башкармалыгына алып кеткен. Кечээ, 17-июнда аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, кайра кое берилген.

Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 600дөй адам эмгектенет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости