www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Жолдош мырза, сиздин ишмердүүлүгүңүздү бир беткей чагылдырган «күнгөй-тескей» маалыматтар соңку убакта маалымат каражаттарына гана эмес, парламенттин трибунасынан да депутаттар тарабынан көп айтылчу болду. Бир эмес, беш учакты пулдап сатып ийгениңизди ачыктай аласызбы?

– Башкалар сындуу бир беткей такталбаган маалыматтарды коё бербей, жеке өзүмө кайрылып, жооп сураганыңа рахмат. Соңку убакта бир тараптуу маалыматтар авиакомпанияны банкрот кылуу же арзан сатып алуу боюнча кызыкдар жактар тарабынан болуп жатса керек. Мен андай такталбаган маалыматтарга көңүл бурбай койсом деле болмок. Бирок, бир тараптуу каралоо иштери жүрүп жаткандыктан, үн катууга туура келди. Мен авиакомпаниянын жетекчилигине келгениме быйыл 8 жылдын жүзү болду. 2010-жылы ушул кызматка келген күндөн бир айдан кийин «карызыңарды телөгөн жоксуңар» деген шылтоо менен ОАО «Кыргызалтын» банкротко берген. Бирок, ошол кездеги Убактылуу өкмөткө кайрылып, эки жыл аралыгында карызды төлөп берүү боюнча соттон милдетгенме алып, толук кутулганбыз. 2011-2017-жылдар аралыгында өкмөттүн жардамы жок эле «Боинг» үлгүсүндөгү чет өлкөлүк компаниялардан лизингге үч учак алып, иштетип баштаганбыз. Бирок, 2014-жылы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мурдагы паритеттик келишимди талдабай туруп (жүргүнчүлөрдүн санын анализ кылбай), жумасына 14 жолу уча турган Москва багыты 36га көбөйтүлүп, өзгөртүлгөн. Бул деген күнүнө Москвага беш жолу уча турган деп түшүнсөк болот. Ош шаарына ушунча рейс жок, Россия тарабынан жаңы ири авиакомпаниялар кирип, тарифтерди демпинг абалына жеткизип, өзүнүн баасынан арзан сатууга мажбур болгонбуз. Ошол кездеги жетекчилерге кайрылганыбыз менен маселе чечилбей калган. Мындай көрүнүштөн россиялык авиакомпаниялар утуш таап, жергиликтүү авиакомпанияларды рыноктон сууруп чыгаруу компаниясы бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Бизден айырмаланып алар чоң самолетторду бул маршрутка коюп, жүргүнчүлөрдүн айырмасынан пайда табышты. Эгер ушундай темп менен учак беришсе, жергиликтүү авиакомпаниялар банкрот абалына учурашы толук мүмкүн. Азыркы күндө «авиакомпаниябызга жакшы инвесторлор келсе» деп чет өлкөлүк же ички инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Айрым маалымат каражаттарында көбүртүп-жабыртылып жазылгандай, баардык алынган учактар сатылбай эле компаниянын балансында сакталуу. Чогулган активдер карыздын деңгээлинен көп эле арбын, компаниянын эң негизги активи – бул ар тарапка уча турган лицензиялар, биз аны эч кимге бербедик, учактар, ишкананын офиси, учкуч-техникалык базасы менен чогуу инвестициялык пакетке киргизип койгонбуз. Андыктан, келген инвестор ишти дароо башташына толук мүмкүнчүлүктөр бар.

– “Манас” аба майданындагы Албек Ибраимовдун негизги кадрларынын башына ушул күндөрү кара булут айланып, акырындык менен кызматтарынан кош айтышары сөз болууда. «Запастагы» аба майдан башчыларынын тизмесинде сиздин да ысымыңыз айтылып жатат. Оомат келсе, аэропортту жетектөө тилегиңиз бар экенин жашырбайсыз да ээ?

– Мени өткөндө «аэропортко жетекчи болот экен» деп бир нече гезиттерге маалыматтар чыгып кеткенден кийин мага карата дароо ыксыз эле «баткак чачуу» амалы башталды. Азыр эми ар кандай болбогон шылтоолор менен негизсиз жагдайда асыла бергендер көбөйбөдүбү. Андан көрө буттан тартышпай, жардам беришсе жакшы болот эле.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия ньюс”

Последние новости