www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 18-июнда Бишкек шаардык сотунда Кулматовдун баш коргоо чарасы каралган учурда белгилүү болду.

Мамлекеттик айыптоочунун билдиришинче, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 350-346-беренелеринин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде 14-июнда козголгон.

УКМК бул маалыматты ырастап, толугураак маалымат берип, атайын билдирүү таратты. Анда 1995-жылдын 11-октябрында Кубанычбек Кулматов СССРдин жалпы паспортун жоготуп алганына байланыштуу Орусиянын паспортун алган. Ал эми 1996-жылы 26-ноябрда ал мурдагы жоготкон СССРдин паспортун бетке кармап, Кыргызстандын жарандыгын алып, паспортко ээ болгон.

“1996-жылдын 26-ноябрында Орусиянын жараны болуп туруп, мурдагы жоголгон "СССРдин жараны" деген паспортун колдонуу менен Бишкектин Биринчи май райондук паспорт столунан мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын жарандыгы боюнча паспорт алган. Кийин 2001-2003-2013-жылдары ал паспортторду жаңы паспортторго алмаштырган.

Мындай кадам менен Кулматов паспорттук столдун кызматкерлеринин көзүн жазгырып, мыйзамсыз түрдө "Кыргыз Республикасынын жараны" деген паспортту алган”, - деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Кулматовго коюлган бул айып өтө оор кылмыш болуп эсептелет. Буга чейин деле аны Россиянын жараны деп далай адамдар айтканы менен, тиешелүү органдар экс-президент Алмазбек Атамбаевден коркуп кылмыш ишин козгой албай келген. Анткени Атамбаев 6 жыл бою Кулматовду калкалады. Эми болсо акыйкаттык орноп, бул көрүнүш көз жаздымда калбады. Андыктан Кыргызстандын мыйзамсыз жараны Кулматов татыктуу жазасын алсын. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости