www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстанда экенин анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” билдирди. Ал инисин эч ким издебегенин кошумчалады. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

- Кудайга шүгүр, аны эч ким издеген деле жок, ал ушул жакта эле жүрөт.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Райымбек Матраимовду камоо тууралуу чечим чыкканын жана ал “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу өлкөдөн чыгып кеткенин жазышкан. УКМК бул маалыматты тастыктаган жок. Мамлекеттик чек ара кызматы жарандардын өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат сот, укук коргоо органдарына гана берилерин билдирди.

Эл ичинде "Раим миллион" атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деп негиздеген.

Быйыл апрелде Райымбек Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости