www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жумадан баштап мурунку бийликке кызмат кылган гезиттер “Жаңы Ордо” гезитинин кожоюну, түптөөчүсү Бекен Назаралиевди “трайбалист” деп “үрүп” башташты. Алардын “үргөнүнүн” себеби, шефтеринин талуу жерине тийип, бир орунга олтургузбай жаткан гезиттеги ачуу чындык болууда. “Фабула”, “Багыт” гезиттери жазгандай Бекен Назаралиевди коомчулук трайбалист катары тааныйбы же кыргыз журналистикасында өз позициясы, өз көз карашы, бетке ачуу чындыкты тайманбай айта алган журналист, жазмакер катары тааныйбы деп сурап да көрдүк.
Илим Карыпбеков, КТРКнын башкы директору:«Бул чындыгында күлкүлүү нерсе, былжырак сөз»
— Бекен агай эгер трайбалист болсо, мурун эле ошондой мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ошондон бери келаткан Бекен агайыбыз бүгүн эле трайбалист болуп чыга калмак беле? Бул чындыгында күлкүлүү нерсе, былжырак сөз. Айта турган сөз жок болуп калып, ушул сөздү айтышса керек. Азыр “Кыргыз журналистикасында ким бар?” деп сурашса, мен Бекен Назаралиев деп айтмакмын. Ошондой бийиктикке өз эмгеги менен жеткен, тажрыйбасы мол адам трайбалисттик деңгээлге аракет кылса дагы түшө албайт.
Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны:«Бекен Кыргызстандагы калыс, таланттуу журналист»
— Андай боло албагандар, аны көралбагандар ар кандай формада жамандап атышат да. Алардын жазганына Бекен кабагым-кашым да деп койбойт. Өзүнүн сүйгөн, билген ишин так аткарып келатат. Журналистиканы түшүнбөгөн, билбеген, кимдир бирөөнүн колтугунда эптеп күн көрүп жүргөндөрдүн деңгээли ушундай болот. Бекен Кыргызстандагы бирден-бир калыс, таланттуу журналист. Мен Бекенге чың ден-соолук, катаал журналисттик жолду таштабасын каалайт элем.
Өмүрбек Суваналиев, генерал: «Аны трайбалист деген аябай эле күлкүлүү нерсе»
— Бекенди трайбалист деп жазуу дагы азыркы учурдагы саясий жүрүш. Бекен Назаралиев бир гана журналистикада эмес, кыргыз саясатында дагы белгилүү инсан. Көп жылдардан бери эле өзүнүн саясий көз карашын, ой-пикирин айтып келатат. Коомдук пикирди дагы жакшы түшүнө алат. Аны трайбалист деп айтуу акылга сыйбайт. Мен Бекенди эгемендүү өлкө болгондон бери эле жакшы тааныйм. Башында аны сүйлөгөн сөзүнөн, мамилесинен нарындык экен деп жүрчүмүн. Түштүктүн кулуну болорун кийин билдим. Аны трайбалист деген аябай эле күлкүлүү нерсе. Бекен кыргыз эли десе ичип жаткан ашын таштап койчу патриот жигит. Ошон үчүн аны баарыбыз сыйлайбыз.
Зарылбек РЫСАЛИЕВ, Жогорку Кеңештин депутаты: "Трайбалист болсо, тууганы Текебаевди сындап жазмак беле?»
— Бекен Назаралиевди трайбалист деп атоо — кимдир-бирөөлөрдүн айла кеткенде айтылган сөзү. Ал кайдагы трайбалист? Трайбалист болсо, өз газетасында тууганы жана жердеши болуп эсептелген Өмүрбек Текебаевди, түштүктүн бир далай лөктөрүн кайра-кайра сындап жазмак беле? Аны, тескерисинче, антитрайбалист деп айтсак туура болчудай. Кыргыз негизинен трайбалист калк. Ага карабастан, Бекен Назаралиевде андай касиет жок деп ойлойм.
Булак: Жаңы ОРДО