www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  апарат жетекчисинин орун басары, Өкмөттүн апаратынын коргоо, мыйзамдуулук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Араев премьер-министрдин буйурмасынын негизинде ИИМдин борбордук апаратынын өздүк курамына министрдин жаңы орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметовду  тааныштырды. Ал эми министрдин орун басары Данияр Абдыкаров берген рапортко ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев: “министринин жаңы орун басары министринин жаңы орун басары Мирлан Каниметов ыкчам кызматтардын ишин жогорку деңгээлде билип,  тажрыйбалуу кызматкерлерин бири. ИИМдин бөлүмдөрүнүн кадрдык өзгөрүүлөрү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын өнүгүүсүнө байланыштуу.   Ошондой эле дайындалган жетекчининин кызматтык тажрыйбасы ыкчам бөлүмдөрдүн өздүк курамга коюлган тапшырмаларды, эң башкысы мыйзамдуулукту жана тартипти,  жарандардын мыйзамдык жана укуктук кызыкчылыгын камсыздоону аткатууга жардам берет”-деп белгиледи өз сөзүндө.

Милициянын полковниги Каниметов Мирлан Дотанович 1970-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Мойнок айылында туулган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын юриспрудентция адистигин аяктап, ички иштер органдарында 1991-жылдан баштап иштеп  баштаган.  Алгач кызматын  Кыргыз Республикасынын ИИМдин кайтаруу башкармалыгынын милиционери болуп иштеген.    Кызмат  учурунда  опер кызматкери, ага опер жана маанилүү иштер боюнча ага опер кызматкери  болуп эмгектенген.

Ар кандай жетекчилик кызматтарда: ИИМдин  уюшкан кылмыштуулук менен каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы, ИИМдин УКККББнын башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин мамлекеттик күзөт уюштуруу башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөгөн учурунда  “Эрдик” медалы жана башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости