www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент мунапыс тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 25-январда кабыл алган. Анда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жазасынан бошотуу жана айрым категориядагы адамдардын эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасынын өтөлүп бүтө элек мөөнөтүн кыскартуу каралган.

Кабыл алынган мыйзам "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби тууралуу" мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген адамдарга жана 7-беренесинде белгиленген кылмыштардын түрлөрүнө карата колдонулбайт.

Буга чейин бул мунапыска 600 киши илинери кабарланган.

Жаза аткаруу кызматынын январдын аягындагы маалыматына ылайык, өлкөдө соттолгондордун жалпы саны 7 402 адамды түзсө, алардын 6 495и абакта отурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости