www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров мурдагы коомдук кеңешчиси Жаныбек Кубандыков боюнча комментарий берип, анын учурда президенттин кеңешчиси эмес экенин билдирди. Анын айтымында, Кубандыков 2021-жылы берилген коомдук кеңешчи күбөлүгүн бир жылдан кийин тапшырган.

Президент Кубандыковго байланыштуу бир нече кылмыш иши бар экенин, ошол себептен ал кармалып, кийин үй камагына чыгарылганын айтты. Ошондой эле өзүн президенттин кеңешчиси же тууганы катары тааныштырып, анын атын пайдаланган адамдар болгонун белгиледи.

Эске салсак, УКМК Кубандыковду чет элдик инвесторлорду алдоо фактысы боюнча кармаган. Ага карата алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Кубандыков өзүнө коюлган айыптар боюнча күнөөсүз экенин билдирип келет.

Последние новости