www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Кочкор айылында курулуп жаткан көп батирлүү турак үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысына маалымдалгандай, жалпы аянты 2 гектарды түзгөн жер тилкесинде беш кабаттуу 8 блоктон турган турак жай комплекси курулууда. Долбоор 217 батирди камтыйт.
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин айтымында, учурда курулуш иштеринин 80 пайызы аткарылды.
Объект менен жеринде таанышкандан кийин Президент Садыр Жапаров курулуштун мөөнөттөрүн так сактоону жана жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.