www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кулубаев Улуу Британиянын элчисин кабыл алды

2026-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулерди дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык багыттардагы кыргыз-британ кызматташтыгынын активдешип жатканын белгилешти.

Министр Жээнбек Кулубаев 2024-жылы эки өлкөнүн ортосунда орун алган жогорку деңгээлдеги сапарлар эки тараптуу өнөктөштүктү сапаттык жаңы деңгээлге көтөргөнүн белгиледи.

Алардын катарында Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик жана Эл аралык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын Кыргызстанга сапары, ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын Лондонго болгон иш сапары өзгөчө айтылды.

Тараптар ошондой эле 2026-жылдын февраль айында Лондондо өткөн “С5+Улуу Британия” форматындагы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусу ийгиликтүү өткөнүн белгилешип, бул формат аймактык кызматташтыкка жаңы дем бергенин баса белгилешти.

Мындан тышкары, элчи Николас Боулер Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.

Жолугушууда ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, туризмди жана санариптик тармактагы кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле көп тараптуу уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында министр Жээнбек Кулубаев элчи Николас Боулерге эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Последние новости