www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаран социалдык тармактар аркылуу кайрылгандан кийин жана Түркия Республикасында кармалган Э.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү иштери башталды.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин консулу “Синджан” түрмөсүнө барып, кармалган жаран Э.С. менен жолугушуу өткөргөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында тиешелүү укуктук консультациялар берилген.
Ошондой эле Элчилик тарабынан жаранга анын жакын туугандары менен телефон аркылуу байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүлүп жатканы белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги бул маселени өзгөчө көзөмөлдө кармоодо.