www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13–14-июнь күндөрү Италиянын Милан шаарында АНКИ ассоциациясы тарабынан уюштурулган «21st Century Nomads: Contemporary Kyrgyz Culture» аттуу маданий фестиваль жана Европадагы кыргыз диаспораларынын «Kyrgyz Diaspora Networking Forum in Europe» форуму ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу жеринен кыргызстандык дизайнер Гульшан Тыныстанова билдирди.

Форумга Европанын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген кыргыз диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү, коомдук активисттер, ишкерлер жана маданият өкүлдөрү катышты.

Фестивалдын маданий программасынын алкагында италиялык коомчулукка кыргыз элинин тарыхы, маданияты, искусствосу жана каада-салттары тааныштырылды. Ошондой эле кыргыз дизайнерлеринин эмгектери көрсөтүлүп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын презентациясы өткөрүлдү. Мындан сырткары Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар сунушталды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бет ачары жана өлкөбүздүн туристтик потенциалы кеңири аудиториянын кызыгуусун жаратып, коноктор тарабынан жогору бааланды. Иш-чаранын жыйынтыгында кыргыз дизайнерлерин эл аралык деңгээлде таанытуу жана италиялык өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алдын ала макулдашууларга жетишилди.

Гульшан Тыныстанова айтымында, мындай иш-чаралар Кыргызстанды дүйнөгө таанытууда маанилүү роль ойнойт.

«Биз алгач Италияга барган кезде көпчүлүк Кыргызстан тууралуу жетиштүү маалыматка ээ эмес болчу. Бүгүн өлкөбүздү таанытуу максатында кыргыздын улуттук кийимдерин, маданиятын жана каада-салттарын дүйнөгө жайылтууга аракет кылып жатабыз. Фестивалда чет өлкөлүк кыздардын кыргыз улуттук кийимдерин кийип чыгышы биз үчүн чоң сыймык болду. Мындай эл аралык иш-чараларды мындан ары дагы көбүрөөк өткөрүп, улуттук баалуулуктарыбызды дүйнөгө кеңири жайылтышыбыз керек. Дүйнөдөгү эң кичинекей мамлекет Ватикан кандай деңгээлде таанылса, Кыргызстан дагы ошондой деңгээлде таанылышы зарыл», — деди ал.

Иш-чаранын уюштуруучулары фестивалдын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон бардык катышуучуларга жана конокторго терең ыраазычылык билдиришти.

Алардын белгилешинче, эки күндүк маданий программа жылуу маанайга, жаңы таанышууларга, чыгармачылык шыктанууга жана Кыргызстанга болгон чыныгы кызыгууга бай болду.

«Биз фестивалдын бир бөлүгү болгон ар бир конокко, катышуучуга, артистке, ыктыярчыга, өнөктөшкө жана колдоо көрсөткөн бардык досторубузга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Бул күндөрдө биз кыргыз элинин бай маданий мурасын, улуттук салттарын, музыкасын, искусствосун жана заманбап маданиятын тааныштырып гана тим болбостон, Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий диалогду жана достукту бекемдеген өзгөчө аянтча түзө алдык. Коноктордун жылуу кабыл алуусу, колдоосу жана жагымдуу эмоциялары фестивалды биримдиктин, маданияттын жана өз ара түшүнүшүүнүн чыныгы майрамына айлантты. Форум кыргыз диаспораларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана Кыргызстанды эл аралык деңгээлде таанытууга багытталган маанилүү аянтча болуп калды,“АНКИ” Ассоцияциясынын негиздөөчүлөрүнө Бурмачач Томоевага жана Маргарита Качиевага бизди чакырганына чон ыраазычылыгымды билдирем», — деп белгиледи Гульшан Тыныстанова.

Белгилей кетсек, иш-чарага Европанын ондон ашык өлкөсүнөн келген кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышып, ага Кыргыз Республикасынын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Өмүралиев, ошондой эле италиялык коомдук жана маданий ишмерлер колдоо көрсөтүштү.

Последние новости