www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 2026-жылдын 26-июнунда өлкө боюнча бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү аттестаттарды тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чаралар өтөрүн билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 5 миңден ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

Милиция кызматкерлери иш-чаралар өтүүчү жайларда коомдук коопсуздукту камсыздап, жол кырсыктарынын алдын алуу жана жашы жете электердин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурушат. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери менен мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, коомдук эс алуу жайларында, шаар сыртындагы аймактарда, көл жээктеринде жана жаштар көп топтолушу мүмкүн болгон жерлерде милициянын кайгуул кызматтарынын иши күчөтүлөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган профилактикалык жана көзөмөл иш-чаралары да жүргүзүлөт.

ИИМ жарандарды, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү мыйзам талаптарын так сактоого жана коопсуздук эрежелерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.

Последние новости