www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүлжигит Исаков:

Адилеттүүлүк кыргыздардын зоболосун көтөргөн. Мындай пикирди жарандык активист Гүлжигит Исаков билдирди. 

--"Тарыхтагы улуу ордубуз белгилүү. Евразия чөлкөмүндө ат ойнотуп, көптөгөн элдерди Каганатыбыздын алдына топтоп, аларды башкарып келдик.

Кийинчерээк, биздин Каганаттын мураскору катары Моңгол империясы чыга келди. Моңголдордун кыргыздарга болгон мамилелери азыр деле өзгөчө. Моңгол Империясынан кийин Алтын Ордо чыга келди. Алтын Ордого карап турган орус княздыктары өүнчө империя болуп чыга келди.

Тарыхты мыкты билген орустар Улуу Кыргыз Каганатын Орус империясынын бабасы (прародитель) катары белгилеп келишет.

Кыргыздар Евразия чөлкөмүнүн автохтондуу эли болуп эсептелет. Тарых спираль сыяктуу. Кайталанып турат.

Кыргыздар кантип Улуу Каганат түзө алышкан?

Өздөрүнө караткан элдерге КАЛЫС мамиле жасап келгени үчүн.

Башка улуттан бирөөлөр калыстык, адилеттүүлүк издеп келишкенде, эгерде жабыркоочунуку туура болсо, аны канатынын алдына алып, керек болсо, залымдардан коргоп келген! Тескерисинче, кылмышкер болсо, кабылдабай туруп, башка өлкөлөргө тапшырып беришкен. Мына, ушул адилеттүүлүк кыргыздардын зоболосун көтөргөн.

КАГАНАТТУУЛУК (ДЕРЖАВНОСТЬ) ушинтип күч алган.

Эгерде, ошол кездеги кыргыз жетекчилери "башканын жоопкерчилигин алып эмне кылам, андан көрө, өз оокатымды эле кылайын" деген түшүнүктө болгондо, УЛУУ КЫРГЫЗ КАГАНАТЫН түзө алышмак эмес.

Улуу Дөөлөт, Улуу Мамлекет - бул бир эле кыргыздардын жоопкерчилигин моюнга ала билүү эмес! Сага башпаанек сурап келген, зулум көргөндөрдү канатыңдын алдына ала билүү!

Эл аралык аренада ордуң бар экенин иш жүзүндө көрсөтө билүү!

Азыр маалымат доорунда жашап келе жатабыз.

Мамлекеттик деңгээлде жасалган ар бир туура кадам, жүргүзүлгөн ар бир туура саясат өз мөмөсүн эң кыска убакытта берет. "Мыйзамдын үстөмдүгүн туу туткан өлкө" (анын ичинде эл аралык мыйзамдарды дагы) деген статус канчалаган дивиденддерди алып келет?

"Ишенимдүү өлкө", "Мыйзамдар иштеген өлкө", "Калыстыгы как жарган өлкө"... Булар болгон жерде өлкөгө кут келет, береке келет!

Кыска ойлуулук кылып, арканды узун таштай албагандар утурумдук кызыкчылык үчүн өлкөнүн келечегине кандай гана доо кетирип жатканын билишпейт. Билишсе, баштары жетсе, андайга барышмак эмес...

Бири бири менен чырмалышкан бул дүйнөдө "кыпындай жакшылыктын үзүрү да, кыпындай жамандыктын кесепети тийе турганын" унутпайлы.

Каганаттуулук (Державность) принциби өнүгүүгө жол ача турганын унутпайлы.

Окумуштуулардын арасынан тазалары бул теманы архивдерден чукуп чыгып, бүгүнкү адашкан элибизге шам чырак болуп беришсе дурус болмок", - дейт активист. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости