www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда электр кубатына болгон жаңы тарифтер 1-сентябрдан көтөрүлөт. Бул тууралуу Миргүл Айдарова брифинг өткөздү. «Светтин» баасы 77 тыйындан болгону менен 700 квт/сааттан соң 2 сом 16 тыйын. Кышында тез эле 700 квт/сааттан ашып көпчүлүк ушул баада төлөшөт. Өндүрүлүп чыккан ар бир квт/сааттын өздүк наркы 9 тыйын. Улуттук энерго системасы аркылуу кардарларга жеткирген баасы 23 тыйын, төлөгөнүбүз 700 квт/сааттан баштап 2 сом 16 тыйын. СКС программасы боюнча кардарларга 23 тыйындан жеткирилет. Кээ бир категорияларга бекер берилерин мүмкүнчүлүгү бар.
Биз оозду ачпай мини ГЭС болсо да ГЭСтерди курууну башташ керек. СКС программасынын негизинде Кыргызстанда 31 млрд. Квт/саат электрэнергиясын бере турган станциялар курулат. Кыргызстан колдонуп жаткан электрэнергиянын кубаттуулугу 7,5 млрд. квт/саат. Энерго курулушу боюнча Нарын дарыясынын оң куймасы Көкөмеренде СКС-ГЭС «Көкөмерен-1» жана СКС-ГЭС «Көкөмерен-2» курулат. Эки ГЭС жылына 4 млрд,квт/саат энергия берет.
Нарын дарыясында СКС-ГЭС «Казарман-1, 2, 3, 4» ГЭСтери жылына 4,5млрд. квт/саат энергия берет. Долбоордо Ала-Бугу ГЭСИ да бар.
Ал 1,7 млрд.квт/саат электроэнергия берет. Мындан ары төрт ГЭСтен турган «Куланак» каскады курулат. Анын кубаттуулугу 1,5 млрд.квт/саат электроэнергия берет. Ысык-Көлдө СКС-ГЭС «Мойт аке», «Сарт аке», «Карга аке», «Тилекмат аке», «Садыр аке» ГЭСтери курулат.
Отун энергетикалык комплекси боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова айтканынан: " Министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоору бар. Азыр бир аз кечигип жатабыз. Эгерде 15-июлда коомдук талкуу аяктай турган, аны өкмөткө алып барып, бардык министрлик жана ведомстволор менен макулдашуу үчүн бир ай керектелет. Ошондо гана 15-августта министрлер кабинетинин токтомун күтөбүз. Документти өтүп кеткен (арткы) число менен киргизе албайбыз да, 1-сентябрдан тарифтерди кымбаттатууну баштайбыз деп пландап жатабыз", — деди Айдарова.
Президенттик шайлоо учурунла президентке талапкер Садыр Жапаров Нарынга барып 1000 квт/саат (бизче 700 квт/саат( дегенди алып салам деген. 2021-жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров электр энергиясынын тарифин өзгөртүү сунушун айткан. Бийлик алгач абоненттерди категорияларга бөлүүгө ниеттенип, бирок кийинчерээк киловатт саатына 1,09 сомдон болсун деп бирдиктүү тарифти сунуштаган.
Жогорку Кеңештин депутаттар тобу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго электр кубаты менен жылуулукка жаңы тарифтерди киргизүүнү токтото турууну сунуштап кат жөнөткөн. Анда депутаттар өлкөнүн электр энергия системасынын абалын көрүп тургандыктарын айтып, тарифтерди көтөрүү социалдык жарылууга жана ири компаниялардын жабылышына алып келет деп эскертишкен.
Парламентте энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Демилгечи - Жогорку Кеңештин депутаты Э.Байбакпаев болгон. Маалымкат-негиздемеге ылайык, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана пайдалануу, Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун жогорулатуу жана курчап турган чөйрөнү коргоо максатында, 2008-жылы декабрда «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. 2011-2019-жылдары бул мыйзамга түзөтүүлөр киргизилип, аларды ишке ашырууда жаңы кичи гидроэлектрстанцияларын пайдаланууга берүүлөрдүн өсүүсү күтүлгөн эле. Соңку өзгөртүүлөр кабыл алынгандан бери 2 жылга жакын мезгил өтсө да, алынган маалыматтар боюнча, ЭКБнын негизиндеги кичи генерациянын өсүүсү болгон жок. Бүгүн бюрокартияны мындан ары азайтуу, кичи гидроэнергетика объектилерин курууда инвесторлордун ЭКБ чөйрөсүндө ар кандай уруксат алуу жол-жоболорунан өтүүсүндөгү ар кандай тоскоолдуктарды жоюу үчүн ЭКБ чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы бышып жетилди.
Электр энергиясын керектөөнүн жана анын жетишсиздиги өскөндүгүнө, жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды киргизүү боюнча курч зарылчылыктарга байланыштуу, энергетикалык коопсуздукту жана тармактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу, ички жана тышкы инвесторлор тарабынан энергетика тармагына инвестицияларды тартуу, колдонуудагы мыйзамдардагы кенемтелерди жана коллизияларды жоюу үчүн «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору демилгеленүүдө.
ЭКБны өнүктүрүү үчүн экономикалык жана укуктук механизмдерди түзүү максатында, киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору менен төмөнкүлөр сунушталат:
- ЭКБнын кубаттуулуктарын квоталоону алып салуу;
- ЭКБны пайдалануу менен алынган электр энергиясын керектөө көлөмүнүн 10%ынан кем эмес көлөмүндө кепилдик алдында сатып алууну белгилөө;
- ЭКБ орнотмолорунда өндүрүлгөн, орнотмонун ээси тарабынан жеке муктаждыктарына пайдаланылбаган жана келишимдик негизде башка керектөөчүлөргө сатылбаган бардык электр энергияны сатып алуучу катары электр энергетикалык компанияны аныктоо;
- электр энергиясын өндүрүүдө, ошондой эле аны ЭКБ субъектилери тарабынан берүүдө, бөлүштүрүүдө, экспорттоодо жана импорттоодо ЭКБ жаатындагы лицензиялоо иштерин алып салуу;
- электр тармактарын жана бөлүштүрүүчү ишканаларды ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын бекер жана тоскоолдуксуз транзиттөөнү жүзөгө ашырууга милдеттендирүү;
Мындай механизмдерди орнотуу өзүнө ачык-айрымдуулукту жана түшүнүктүүлүктү камтып, потенциалдуу инвесторлор үчүн кошумча дем, күч бермекчи.
Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда, төмөнкүлөр күтүлөт:
- коррупциялык коркунучтардын кыскаруусу, анткени уруксат берүү жол-жоболорунун жөнөкөй жана түшүнүктүү эрежелери сунушталууда;
- жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү жана республикалык, жергиликтүү бюджеттерге болгон салык базасынын кеңейүүсү;
- электр энергиясын кошумча иштеп чыгуу, 2025-жылга чейин ЭКБны пайдалануу боюнча кубаттуулугу 40-70 МВтдан кем эмес жабдууларды ишке киргизүү.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg