www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров, Ташиев тандемин колдогондорду бекем турууга чакырам. Мындай пикирди Руслан Бекназаров билдирди.

"Батыштын "кол балдары" бир максатка толук биригишти! 2020-жылда Сооронбай Шарипович кырдаалды эске алып, бийлигинен баш тартууга аргасыз болду. Ошол убакта Президенттин Аппаратында эксперт (инспектор дагы эмес) болуп иштейт элем. Айыл өкмөттөн соң 1,5 жыл Президенттин Аппаратында иштедим. Иштеген жерде сөзсүз кемчилик болот. Бирок, Сооронбай Шарипович ЖК шайлоосунан соң чоң өзгөрүүгө бара турганын бир нече жолу расмий билдирген. Чынында мыкты реформаларга бармакпыз. Тилекке каршы, ЖК шайлоосунун арты менен өлкөдө революцияны пландап жатышкан Батыштын саясатын колдогондор чабуулга өтүштү. Ортодо Жапаров, Ташиев тандеми жана аны колдогондор тарапка күч оой баштады. Жапаров, Ташиев тандеминде бийликти басып алуу ойлору жок эле. Кырдаал бийлик талашууга түрттү. Батыш идеологиясын колдогондор алсыз экендерин билген соң бир Мадумаровго, бир Атамбаев, Бабанов тандеминин ичине кирүүгө жан талашышты. А. Мадумаров бул "мышык-чычкан" оюнуна аралашпастан, өз позициясында (мыйзамдуулук) туруп алды. Аргалары кеткенде жарымы Атамбаев, Бабанов, жарымы Жапаров, Ташиев тандемдерине бөлүнүп кетишкен. Жыйынтыгында Жапаров, Ташиев тандеми утуп чыгат. Бирок, Сооронбай Шарипович менен болгон сүйлөшүүлөрдү жалганга чыгарышып, аны кетүүгө мажбур кылышкан. Сүйлөшүү боюнча Сооронбай Шарипович 6 айдын ичинде жаңы шайлоолорду өткөргөн соң бийлигин тапшырып бермек. Ушунун баарын билген соң Президенттик Аппаратында иштеп турсам дагы ачык эле Мыктыбек Арстанбектин кандидатурасын колдоп чыктым. Жыйынтыгында шайлоого катышкандардын 80% ашыгы Жапаров, Ташиев тандемин колдоп беришти. Бул чындыкты моюнга алдык.

Ошол себептен Президенттик Аппаратта болгону эксперттик кызматта турсам дагы, жумушта калууга моралдык укугум жок деп эсептеп өз арызым менен кеттим. Эч ким кет деп айтпады. Тескеринче, иштей бер дешти. Бирок, эксперт болсом дагы Сооронбай Шариповичтин бийлигинин кулашына тиешем бар деп ойлодум. Саясатчынын үй-бүлөсүндө чоңойгонума байланыштуу, саясат менен тааныштыгым бар үчүн акырындык менен көз карашыбыз бир санаалаштар менен саясатка кирүүнү туура көрдүм. Ошондон улам "Нур" саясий партиясынын саясий кеңешине төрага шайланып, бийлик үчүн мыйзамдуу күрөшүүнү туура деп эсептедим. Ал эми бийликке келгенине 1 жыл толо элек Жапаров/Ташиев тандеми өтө оор мезгилде бийликке ээ болушту. Мамлекеттик башкаруудагы тажырыйбанын жетишсиздигинен ички-тышкы саясаттын кашасын чыгарышты. Бирок, алардын жүрөгүнүн түркүрүндөгү патриоттуулук дале болсо жанып тургандай. Ар-бир катасынан сабак алып, аны оңдоп жүрүп отурушса өз нугуна келээр деп ишенип турам. Болгону жекелик амбицияларына алдырып жиберишпесе эле. Себеби, бийликти кайра-кайра басып алуудан өнүгүү жолуна түшпөй жатабыз.

Эми азыркы күнгө кайталы. Башында айткандай "Батышчыл" багытты карманышкан (демократтар, гейлер, Орхан Инандыны бетке кармаган "ФЕТОчулар) баары биригип, кайрадан 2020-жылы ишке ашпай калган планына кайтышты. Алгач, булар ичинен Жапаров, Ташиев тандемин бузууга аракет көрүшкөн эле. Ал план ишке ашпай калган соң, жергиликтүү шайлоолордо, андан соң ЖКга болгон шайлоолорго катуу даярдык көрүшүп, ошонун жыйынтыгы менен башаламандыкты даярдап жатышкан. Азыркы бийликтин одоно каталары алардын бул пландарын эртелештиргенге негиз болуп берди. Бул чабуулдар ЖК шайлоолоруна чейин токтобойт эми. Кээ бир биздин патриоттор батышчыл саясаттын колунда куурчакка айланышууда.

Ушундан улам Жапаров, Ташиев тандемин колдогондорду бекем турууга чакырам. Ооба, каталарыбыз толтура. Бирок, "Москва бир күндө курулган эмес". Кыргыз элинин бийлиги улам-улам "перчаткидей" алмашуусуна каршымын. Бара-бара көч түзөлөт деген ойдо бийликтин туруктуулугун шайлоодо эл тарабынан берилген мөөнөтүнө чейин камсыз кылышыбыз керек. Бийлик алмашуу шайлоонун жыйынтыгынан көз каранды болуусу керек. Эгерде "батышчыл" күчтөр бийликти тартып ала турган болушса патриот, мекенчил күчтөрдүн катарында кыргыз мамлекети үчүн салгылашууга даярбыз", - деп кошумчалаган Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости