www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, «Борбор Азия - Европа бирлиги» Саммитине катышуу үчүн Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) иш сапары менен келди. Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия жана Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары илинип, учактын алдына килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилди.
Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, бүгүн Мамлекет башчысы Европа бирлигинин Президенти Антониу Кошта жана Европа комиссиясынын Президенти Урсула фон дер Ляйен менен жолугушат. Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен расмий жолугушуусу болот.
«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа бирлиги жана Өзбекстан менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуусунун маселелери талкууланды.
Садыр Жапаров 4-апрелде «Борбор Азия - Европа бирлиги» Саммитине катышат жана «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» Эл аралык форумунда сөз сүйлөйт.
Саммиттин жана эл аралык климаттык форумдун жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерди кабыл алуу күтүлүүдө», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.