www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын башынан бери президент Садыр Жапаров 4 мамлекетке иш сапары менен барган. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

- 3-4-февралда президент Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу, ошондой эле бир катар эки тараптуу маселелерди талкуулоо үчүн Кытайга иш сапары менен барган. Сапардын жыйынтыгында алты келишимге кол коюлган.

- 19-21-апрелде президент Азербайжанга расмий сапар менен барган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларация кабыл алынып, 20 эки тараптуу документтерге жана макулдашууларга кол коюлган.

- Президент 15-16-майда Москвада өткөн Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына арналган ЖККУнун саммитине катышкан.

- 17-майда Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болуп, БАЭнин башчысы шейх Халифа бин Заид Аль Нахайян менен коштошуу зыйнатына катышкан.

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери Кыргызстанда чет мамлекеттердин, өкмөт башчыларынын жана ар кандай деңгээлдеги делегациялардын катышуусунда 18 иш-чара өткөрүлдү.

Тышкы иштер министринин айтымында, бул жолугушуулардын жана макулдашуулардын жыйынтыгында:

- Кыргызстанда 300 мегаватттык күн электр станциясын курууну баштоо боюнча макулдашуу;

- Чет өлкөдөгү 47 миң кыргызстандыкка миграциялык мунапыс берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

- Россия тарабынан бюджетти колдоо үчүн грант бөлүү, ал эми гранттын биринчи бөлүгү 10 миллион доллар өлчөмүндө бөлүнгөн;

- Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрт-куткаруу техникасы түрүндө 8 миллион доллар бөлүү;

- Кыргызстан менен Россиянын ортосунда туруктуу аба каттамдарын калыбына келтирүү;

- Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Казакстан аркылуу жол байланышын калыбына келтирүү;

- бир катар стратегиялык документтерге жана келишимдерге кол коюу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости