www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды.

Жолугушууда заманбап чакырыктар, анын ичинде санариптик технологиялардын тез өнүгүшүнө байланышкан маселелер талкууланды.

Тараптар маалыматтык коопсуздукту чыңдоо жана киберкоркунучтарга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Мамлекет башчысы жолугушуу ШКУнун 25 жылдыгы жана Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгы жылы менен туш келип жатканын белгилеп, бул ураан “25 жыл ШКУ: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай” деген багытта өтүп жатканын айтты.

Президент Садыр Жапаров учурда эл аралык система татаал трансформацияга дуушар болуп жаткан шартта ШКУ регионалдык туруктуулукту жана ишенимди бекемдөөчү маанилүү платформа бойдон каларын белгиледи.

Ал ошондой эле кылмыштуу топтордун жасалма интеллектти колдонуп, киберчабуулдарды автоматташтырып, жалган маалымат жана мыйзамсыз каржылык агымдар үчүн жаңы каналдарды түзүп жатканын айтып, бул шартта коопсуздук механизмдерин күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн базасында Коопсуздук коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борбор түзүү демилгесин сунуштады. Бул борбор Бишкектеги Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун жана Ташкенттеги Маалыматтык коопсуздук борборун бириктирет.

Президент Кыргызстандын позициясы өзгөрбөс экенин белгилеп, ШКУ мейкиндигинде коопсуздук алдын алуучу мүнөздө болушу керектигин айтты.

Өз кезегинде ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Кыргызстандын уюмдагы активдүү төрагалыгын жана коопсуздук багытындагы демилгелерин жогору баалады. Ал ошондой эле Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, бул өлкөнүн эл аралык аброюнун жогору экенин белгиледи.

Маалымат үчүн: Министрлердин бул форматтагы жыйыны 2022-жылдан бери Кыргызстандын демилгеси менен кайра жандандырылган.

Последние новости