www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында ири эл аралык Binance криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен бирге Жыргалаңга барды.

Алгач Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао комплекстин аймагын көрүп чыгышты. Андан соң Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курорттук шаарчаларын бириктирген “Ала-Тоо Резорт” бардык мезгилге ылайыкталган тоо лыжа кластеринин курулушу менен таанышышты.

Президенттин Администрациясынын жетекчисинин орун басары — Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев долбоордун артыкчылыктарын, алардын катарында тоо лыжа кластеринин стратегиялык жайгашуусу, экологиялык тазалыгы, туруктуу өнүгүүсү, инвестициялык жагымдуулугу жана эл аралык деңгээли тууралуу айтып берди.

Бүгүнкү күндө заманбап асма жол инфраструктурасын куруунун активдүү фазасы уланууда. Ылдамдыгы жогору B1 жана B2 аралаш асма жолдору туристтерге ыңгайлуу кабиналарда да, ачык отургучтарда да тоо боору менен жогору көтөрүлүүгө мүмкүндүк берет.

Тоо лыжа кластеринин жалпы аянты 3916 гектарды түзөт. Тоо лыжа трассаларынын узундугу - 260 км, бул “Ала-Тоо Резорт” кластерине дүйнөдөгү трассалары эң узун он курорттун катарына кирүүгө мүмкүндүк берет.

Комплекстин аймагында ошондой эле панорамалык ресторан, конференц-залдар, медициналык борбор, стадион, амфитеатр жана рекреациялык парктар жайгашат.

Учурда ичүүчү суу менен камсыздоо системалары курулуп, тазалоочу курулмалар долбоорлонуп, электр чубалгылары тартылууда. Ошондой эле Каракол - Жыргалаң автожолун реконструкциялоо башталды.

Азамат Кадыралиев долбоорду ишке ашырууда мамлекет инвесторлорго карата жекече мамилени жана документтерди даярдоо этабында эле бюрократияны азайтууну камсыздай турганын айтты.

Ал июль айында асма жолдорду жана жеке виллаларды куруу аяктай турганын, ал эми декабрда масштабдуу долбоордун биринчи фазасы - Жыргалаң курорттук шаарчасынын ачылышы болорун кошумчалады. Кийинки жылы үч, төрт жана беш жылдыздуу мейманканалар курулат.

Андан соң Президент Садыр Жапаров жана Binance негиздөөчүсү Чанпэн Чжао даярдалбаган трассалардан лыжа тээп (фрирайд) түшүштү.

Мындан кийин Чанпэн Чжао Кыргызстандагы тоо лыжа эс алуусу жана туристтик потенциалы тууралуу таасирлери менен бөлүштү. Ал тоолордун өзгөчө кооздугун жана абанын тазалыгын белгилеп, Кыргызстанды өзүнүн досторуна жана өнөктөштөрүнө эс алуу багыты катары сунуштоого ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Последние новости