www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун активи жана тургундары менен жолугушуп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана алдыдагы ири долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Мамлекет башчысы акыркы жылдары Нарын облусунда туруктуу өсүш камсыз болгонун белгилеп, 2021-жылы облус бюджети 960 миллион сом болсо, өткөн жылдын жыйынтыгында 2 миллиард 334 миллион сомдон ашканын айтты. Анын айтымында, 2025-жылы облуска баштапкы бекитилген бюджеттен үч эсе көп каражат бөлүнүп, жалпы көлөмү 7 миллиард 680 миллион сомго жеткен.
Президент белгилегендей, учурда Жумгал районунда курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында жалпы суммасы 2 миллиард 833 миллион сомдук долбоорлор ишке ашырылууда. Азыркы тапта төрт курулуш объектиси салынып, дагы 14 социалдык объект боюнча долбоордук документтер даярдалган.
Соңку беш жыл ичинде райондо мектептер, бала бакчалар, ФАПтар жана башка социалдык объектилер пайдаланууга берилип, Түндүк–Түштүк альтернативдүү автожолунун 143 чакырымы асфальтталган. Ошондой эле ички жолдордун 35 чакырымы оңдолуп, Сары-Булуң – Миң-Куш автожолунун 22 чакырымына асфальт төшөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
Таза суу менен камсыздоо боюнча АРИСтин программасы аркылуу жети айылда 595,6 миллион сомдук иштер жүргүзүлүп, дагы үч айылга суу тартуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Мындан тышкары сегиз айылдын таза суу системасын курууга даярдык көрүлүүдө.
Президент Жумгал районунда кубаттуулугу 1200 мегаватт болгон «Кара-Кече» жылуулук электр станциясынын курулушу башталарын билдирип, бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо маанилүү долбоор болорун белгиледи.
Ошондой эле 2021-жылдан бери Жумгал районунун өнүктүрүү фонду аркылуу 247 миллион сом бөлүнүп, 84 социалдык жана инфраструктуралык долбоор каржыланганы маалымдалды. Административдик-аймактык реформадан кийин жаңы түзүлгөн алты айыл өкмөтүнө жалпы 60 миллион сомго атайын техникалар сатылып алынган.
Ирригация тармагында акыркы беш жылда 1 миллиард сомдон ашык каражат өздөштүрүлүп, быйыл «Түгөл-Сай» суу сактагычын пайдаланууга берүү пландалууда. Бул долбоор ишке кирсе, 3208 гектар жер сугат суу менен камсыз болуп, кошумча 1500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.
Президент саламаттык сактоо жана билим берүү тармагындагы жетишкендиктерге да токтолуп, акыркы жылдары жаңы медициналык мекемелер курулуп, заманбап жабдуулар жана тез жардам унаалары алынганын, ошондой эле жети мектеп, эки бала бакча курулуп, 445 мугалим ноутбук менен камсыздалганын билдирди.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Чаек айылынын борбордук көчөсүн төрт тилкелүү кылып реконструкциялоо, Калкты тейлөө борборунун жаңы имаратын куруу жана Президенттик фонддон 30 миллион сомго атайын техникаларды сатып берүү пландалып жатканын айтып, жолугушуу андан ары тургундардын суроолоруна жооп берүү менен уланды.