www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев шаардагы курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчик ишкерлер менен жолугушуп, 14-марттагы жыйында көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечилгендиги тууралуу маалымат беришти. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Министр шаардагы курулуш маселелерин эки этапта караларын, курулушу аяктаган 9 объект боюнча атайын комиссиянын корутундусуна ылайык акча каражаты бөлүнөөрүн, ал эми курулушу башталып, токтоп калган 24 объект министрликтин карамагына өткөрүлүп, мыйзам боюнча иштери улантыларын билдирди.
Ошондой эле өлкө башчысынын тапшырмасы менен, Ош шаарындагы башталган курулуштардын бири да токтотулбай, мыйзамдуу негизде сапаттуу бүткөрүлөрү камсыздалары белгиленди. Ишкерлердин чыгымдары жана курулуш иштерине керектелүүчү каржы республикалык бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан бөлүнө турган болду.
Жолугушуудан соң шаар мэри менен министр курулуш объекттерин текшерип, министр ишкерлерге кабатыр болбостон иштерди активдүү улантууну сунуш кылды. Ар бир объект боюнча келишимдер мыйзамдуу негизде түзүлүп, министрликтин көзөмөлүндө аткарыларын тастыктады.