www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташып, эки өлкөнүн элдерине тынчтык, өсүп-өнүгүү жана бакубатчылык каалашты.

Ошону менен бирге кыргыз-казак эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын актуалдуу багыттары, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуялар талкууланды.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге кырдаалга көңүл бургандыгы, кайрат айтып колдоо көрсөткөндүгү, ошондой эле Баткен облусундагы чек арага танапташ айылдардын тургундарына гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки жактын тең кызыкчылыгындагы учурда күн тартибинде турган маселелердин бардык спектри боюнча биргелешип аракет көрүүнү арттырууга даяр экендиктерин тастыкташты.

Последние новости