www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-майда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Прокуратура органдарынын учурдагы ишмердүүлүгү жана алардын алдына жакынкы келечекке коюлган артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратура органдарынын иши жөнүндө отчет берип, коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо түзүмдөрү тарабынан мыйзамдардын бирдей  аткарылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымдады.

Прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен 2019-жылы 36 миңден ашуун мыйзам бузуу аныкталып, прокуратура органдары тарабынан укук бузууларды калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлүп, мамлекеттин пайдасына 1 миллиарддан ашуун сом кайтарылгандыгы белгиленди.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин жана Сот реформасы боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков прокуратура органдары тарабынан өлкөдө мыйзам үстөмдүүлүгү жана мыйзамдуулуктун бекемделиши сөзсүз түрдө камсыз болушу керектигин баса белгиледи. Мамлекеттик бийлик органдарында, укук коргоо органдарында коррупция менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктарга карабастан, соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруу боюнча иштерди улантуу чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.org

Последние новости