www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан уникалдуу органикалык продукция менен гана регионалдык атаандаштыкка туруштук бере алат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда, Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы химикаты жок, экологиялык таза продукция менен глобалдык конкуренцияга туруштук берүү максатын түшүндүрүп кеттти.

«Кыргызстанда иштетилип жаткан жердин көп бөлүгү өзү эле „органикалык“ болуп саналат, анткени биздин фермерлер химикаттарды колдонушпайт. Айыл чарба продукциясынын баалары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Бул факторлор келечекте Кыргызстанда жасалган эко продукциянын брендин күчөтөт. Биз ушул дүйнөлүк рынокто бааланган экологиялык таза органикабызды сактап калышыбыз керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.   

Ал экологиясы таза, органикалык продукцияны ЕАЭБден сырткары Кытай Эл Республикасына экспорттоону активдештирүү максатында иш–аракеттер планы бекитилип, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Мындан тышкары, 2019-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы кабыл алынган. Аталган программага ылайык, кайра иштетилген мөмө-жемиш продукциясынын Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, кайра иштетилүүчү продукциянын өсүшүн камсыз кылуу үчүн бир нече чаралар каралган.

Последние новости