www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө.

Мамлекет башчысы Ак-Талаа районунун чоң потенциалын белгилеп, анын алыскы тоолуу район катары дагы Кыргызстандын башка аймактары менен биргеликте өнүгөрүн айтты.

Президент ак-талаалыктарга бүт республикада аймактарды өнүктүрүү боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди. Бул жер-жерлерде, айылдарда бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү — салыктардан бошотуу же аларды кыскартуу, продукцияны сертификаттоо боюнча жаңы лабораторияларды куруу, айыл ишкерлерин колдоо боюнча финансылык институттардын ишмердиги, жеңилдетилген насыялоо, өндүрүштү өнүктүрүү жана экологиялык таза продукцияны экспортко чыгаруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт тармактарындагы реформалар, сот-укуктук реформа жана коррупция менен күрөшүү.

Өлкөнү санариптештирүү жана мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүүнү жана ошондой эле тышкы саясаттагы жүргүзүлүп жаткан иштерди өзгөчө белгилеп өттү.

Сооронбай Жээнбеков ирригация жана таза суу менен камсыздоо боюнча улуттук долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө кеңири токтолуп, бул багыттар анын президенттик кампаниясынын негизги убадаларынан болгонун белгиледи.

Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына ылайык, 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жерлер өздөштүрүлүп, 50 миӊ гектар жердин суу менен камсыздоосу жогорулайт.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуштун 69 айылы таза суу менен камсыз болду, эми алдыдагы 5 жылда 584 айылга таза суу тартылат.

Өлкөнүн стратегиялык жана ички жолдорун куруу уланууда, ар бир райондук борбордо 4 чакырымдан кем эмес жолдорду оңдоп-түзөө башталды, энергетикалык долбоорлор ишке ашууда, ГЭСтерде реконструкциялар жүрүп жатат.

Ипотекалык насыя берүү тууралуу айтсак, мамлекеттик ипотеканын пайызы 14төн 7 пайызга төмөндөдү. 8-10% менен 3800 ипотекалык кредит берилди. Ипотекалык кредитке бюджеттен бөлүнгөн акчаны быйыл 2 миллиард сомго жеткирүү болжолдонууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган максаттар жана милдеттер кыргызстандыктардын кызыкчылыктарында ишке ашырылат деп ак-талаалыктарды ишендирди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында улантылды.

   

Последние новости