www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуп жатат.

Мамлекет башчысы райондун жашоочуларына президенттик кызматында аткарып жаткан жана өзгөчө көңүл бурулуп жаткан мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар жана долбоорлор жөнүндө кеңири айтып берди.

Ал аймактарды өнүктүрүү, жергиликтүү ишкердикти колдоо, экологиялык таза продукцияны экспорттоо, өлкөнү санариптештирүү, ирригация жана таза суу менен камсыздоо улуттук долбоорлору, арзан турак жай менен камсыздоо, жол жана социалдык инфраструктураларды куруу, энергетикалык долбоорлор, саламаттыкты сактоо жана билим берүү, сот-укуктук реформалар, коррупцияга каршы күрөш, куралдуу күчтөрдүн кубатын арттыруу, тышкы саясатта аткарылып жаткан иштерге кенен токтолду.

Мындан тышкары өлкө боюнча санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан «Түндүк» электрондук системасы,  «Санарип аймак» санариптик платформасы, «Электрондук нотариат» долбоору, «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы» долбоорлору, Digital CASA долбоору тууралуу жети-өгүздүктөргө айтып берди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости