www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулованы кызматынан убактылуу четтетти. Тиешелүү жарлыкка президент 1-апрелде кол койду.

Документте айтылгандай, ал кызматынан Судьялар кеңеши аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу четтетилди. Судьялар кеңешинин басма сөз кызматы билдиргендей, 20-мартта Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча башкы прокурордун сунушу каралган.

Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 4-бөлүгүндө жана 1-бөлүгүндө, 343-беренесинин (опузалап пара алуу) 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштарды жасоого айыпталууда. Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, Башкы прокуратуранын сунушун канааттандырган.

УКМК тарабынан Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К. өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен кармалган. Мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, ал опузалап 12 миң доллар, ал эми жактоочу Г.М.В. ортомчу болгон. К.А. 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости