www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин берип, Өзгөндөгү айланма жолдун курулушуна курулушуна УКМК төрагасынын уулунун атын аралаштырып жатышкандарга маалымат берди.

— Аталган жолду мамлекет менен бирге эки жеке менчик компания да куруп жатканын, ал компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн катарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас турат деген сөздөрдү оппозициячыл журналисттер айтып чыгышты. Негизи эле сиздин уулуңуз Рустам, бир туугандарыңыз, УКМК төрагасынын балдары жана бир туугандары мамлекеттик иштерге аралашууда деп айтууга негиз барбы?

— Саламатчылык. Сурооңузга ыракмат. Макул кеңири айтып берейин. Анда Өзгөндөгү айланма жолдон баштайын. Ал жолду куруп баштаар алдында Өкмөт менен канча акча кетет, ал акчаны кайдан табабыз, канча убакытта өзүн актайт, жана башка маселелерди көпкө кеңештик.

Эгер биз мамлекеттин акчасын салсак, ондогон жылда өзүн актайт экен. Мамлекеттин акчасын мындай узак долбоорлорго салып салсак туура эмес. Мамлекеттин акчасын өзүн тез-тез актай турган долбоорлорго салышыбыз керек. Мамлекеттин акчаларын натыйжалуу, сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек.

Ошондуктан, бул Өзгөн айланма жолун эле эмес, өлкө боюнча бир топ жолдорду жеке менчик жактарга бергенге даярбыз. Эгер кимде-ким “мен салам” десе, бүгүн бергенге даярбыз. Алар кайсы жолдор: Суусамыр – Арал Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолуна чейин 115 км, Алматы – Кемин – Ысык-Көл – 150 км, Бишкек – Кемин айланма жолу – 105 км, Кыргызстандын аймагындагы Кара-Булак айылына (Кемин району) чыгуу менен пландалган Алматы – Узынагаш – Каракастек – Сураншы-Баатыр – Кастек – Карасай-Баатыр автомобиль жолунун жалпы узундугу 88,4 км, Ош шаарынын айланма жолу – 35 км, Ноокатта 12 км жол. Жана башка дагы бир топ жолдорду бергенге даярбыз.

Бирок бир дагы компания же жеке жактар мен салам деп келген жок. Анткени жол өзүн-өзү узак убакытта актайт. Ал эми Өзгөн айланма жолун салып жаткан Таймураска ыракмат эле айтпайлыбы. Акчасы бар адамды издеп, инвестор таап келип, салып жатканына ыраазы болушубуз керек. Таймурас эгер мамлекетке зыян келтире турган болсо, өзү ачкан компанияны киргизмек беле? Андай боло турган болсо бат эле билинип каларын жакшы билет да. Мамлекетке пайда келтирип жатканы үчүн ишенимдүү түрдө киришип жатат да»,- деди ал.

Последние новости