www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Тергөө комитетинин төрагасын алмаштырды

Александр Лукашенко Беларустун Тергөө комитетинин башчысын жана бир катар жетекчилерди алмаштырды.

Лукашенконун басма сөз кызматы 11-мартта билдиргендей, Иван Наскечивтин ордуна буга чейин башкы прокурордун орун басары болуп иштеген Дмитрий Хара дайындалды. Ал 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин тутанган демонстрацияларда күч түзүмдөрүнүн зомбулугунан жабыркаган карапайым адамдардын арыздарын текшерген мекеме аралык комиссияны жетектеген.

Шайлоону өлкөнү 1994-жылдан бери бийлеп келе жаткан авторитардык Лукашенко жеңгени расмий жарыяланганы менен оппозиция жана Батыштын айрым мамлекеттери жыйынтыкты тааныбай келатат.

Миңдеген киши, арасында митингдерди чагылдырган журналисттер кармалып, кээ бирлери соттолду.

Бир нече демонстрант коопсуздук күчтөрүнүн колунан каза тапты. Бирок Хара жетектеген комиссия бир да даттануу боюнча иликтөө баштай элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости