www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балет бийчилердин чыры, уюштуруучулардын жообу

Театрда «коммерциалык спектакль» деген түшүнүк жок. Бул жөн гана эки тараптуу кызматташтык, деди А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы балетмейстери Акан Нуртазин бүгүн, 11-мартта АКИпрессте өткөн маалымат жыйында.

«Карантин учурунда театр иштеген жок, спектакль коюлган жок. Ошого карабастан артисттер эмгек акысын толугу менен алып турушту. Акыркы чуулгандуу окуяга чейин театрдын жетекчиси мени чыкырып, бир аз болсо да бюджетти толтуруп, концерт уюштуруу үчүн спектаклдерди уюштурган фондду («Радужка» КФ) чакыралы деп айтты. Чогулган акчага бийчилер үчүн бут кийим, форма, оркестрге керектүү аппараттарды жана башкаларды алууну пландаганбыз. Себеби биздин артисттерде азыр спектаклдерге керектүү эч нерсеси жок. Мына ушулар үчүн спектакль койгонбуз», - дейт балетмейстер.

«Ак куу көлү» балетинин жарым-жартылай үзгүлтүккө учураганына карабастан, орусиялык артисттер уюштуруучуларга доомат койгон жок, деди «Радужка» коомдук фондунун төрайымы Сагида Жумабекова.

«Театрдын артисттери жаш. Алар биз сыяктуу эле бирөөнүн колундагы курал болуп калды деп ойлойм. Россиялык артисттер алардын жаштык кылганын түшүнөт деп ишенем. Чет элдик коноктор бизге эч кандай доомат койгон жок. Тескерисинче алар азыр бизди колдоп, окуянын өнүгүшүнө кызыгып, көз салып жатышат. Алар биз келишимдин бардык шарттарын аткарганыбызды айтышты», - деди коомдук фонддун төрайымы.

Жергиликтүү артисттерге гонорар төлөнбөгөнү боюнча: «Келишимге ылайык, биз театрдын кассасына ижара акысын төлөйбүз, андан кийин каражатты театр өзү башкарат. Биз театрдын ички саясатына кийлигише албайбыз», - деп жооп берди.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын артисттери 6-мартта орусиялык жылдыздардын катышуусунда «Ак куу көлү» балетине катышуудан баш тарткан. Театрдын артисттери конкреттүү эмгек шарттары, коммерциялык, бюджеттик спектаклдерге катышуу көрсөтүлгөн эмгек келишими жок иштешерин, коммерциялык долбоорлордо иштегени үчүн кошумча акы албай турганын айтышкан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости