www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Володин: Россия доллар көз карандуулугунан арылып келе жатат

Россия акырындык менен доллардан көз карандуулукту жеңип келе жатат. Бул тууралуу журналисттерге Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин айтканын чет элдик маалыматтар жазды. 

"Мисалы, ЕАЭБдин алкагында улуттук валюталар менен эсептешүү 74 пайызга чейин өстү. Ошондой эле Кытай жана Түркия менен өз валютабызды колдонуп соодалашууга өтүп жатабыз", — деди ал.

Мындан тышкары, ал Россия февраль айында Улуттук жетиштүүлүк фондунун каражаттарынын валюталык түзүмүн өзгөртүп, япон йенасы менен кытай юанынын кошулганын айтты.

"Ошол эле учурда доллар менен евронун көлөмү 45 пайыздан 35 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Ал эми фунт стерлинг мурдагыдай 10 пайыз бойдон калды", — деди Володин.

Буга чейин Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко РИА Новости агенттигине маек берип жатып, Россияда Америка акчасы дагы деле жүгүртүүдө экенин, бирок андан экономикалык көз каранды болуудан кутулуу керектигин айткан.

Ошондой эле ал Россиянын алтын валюта резерви дагы доллардан азыраак көз каранды боло баштаганын кошумчалаган.

Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков да ушундай эле позицияда. Ал "Блумберг" басылмасына берген маегинде доллардын ролун бардык операцияларда азайтууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости