www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн Туркиянын TRT Avaz каналында маек курду.

Өлкө башчы 2020-жылы октябрь окуяларында эл тарабынан шайлангандыгын жана референдумдун жыйынтыгында, жаңы Конституцияга кол койгонун билдирди.

“Октябрь окуяларында элдик толкундоолор болуп, ошол толкундоолордун негизинде эл мени бийликке олтургузган. Ошол күндөн ушул күнгө чейин, элдин ишеними менен бийликти аткарып келе жатам” - деп белгиледи Садыр Нургожоевич TRT Avaz  каналына берген маегинде.

Мындан сырткары Жапаров Баткен окуясы боюнча кеп козгоп, чек ара маселеси чечилмейинче, мындай чыр чатактар боло берерин өз сөзүндө белгилеп кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости