www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент тышкы соода көрсөткүчтөрү өскөнүн жарыялады

2021-жылдын сегиз айында бүткүл өлкө боюнча 350 ишкана ачылып, аларда 4776 жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн тышкы соодасынын көлөмү 20 пайызга өскөн.

«Сегиз айдын ичинде тышкы соода көлөмү 4,4 миллиард долларды түздү. ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүү 26 пайызга өсүп, 2 миллиард долларды түздү», - деди Садыр Жапаров.

Ал, ошондой эле, биринчи жарым жылдыкта түз инвестициялар 95 пайызга өсүп, 321 миллион долларды түзгөнүн белгиледи. «Пандемияга карабастан, өкмөт социалдык төлөмдөрдү өз убагында төлөп жатат. Тогуз айда бюджеттин кирешеси 129 миллиард сомго көбөйүп, план 107 пайызга аткарылды», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости